Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:26

Тажикстанда камалган кыргызстандыктар тууралуу сүйлөшүү жүрдү


Бүгүн ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов, Баткен облусунун губернаторунун орун басары Саитжан Эратов жана облустун прокурору, облустук ИИБ башчысынан турган топ үч күн мурда Тажисктанда камалган кыргызстандыктардын чоо-жайын билүү үчүн аталган өлкөнүн Баткенге кошуналаш Исфара районуна барып келди. Бул тууралуу "Азаттыкка" Баткен облусунун башчысынын орун басары Саитжан Эратов билдирди.

Анын айтымында, алар Тажикстанда соттун санкциясы менен камалган үч кыргыз жаранына жолуга алышкан эмес. Ага сот гана уруксат берет. Баткендик бул жарандар сымапты мыйзамсыз алып жүрөт деген айып менен Тажикстандын аймагында кармалган. Алар 90 килограмм 561 грамм сымап менен кармалыптыр.

- Сымап уулуу зат болуп эсептелгендиктен Тажикстандын кылмыш-жаза кодекси боюнча иш козголуп, 10 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экен. Азыр ушул үч жарандын кимисинин кылмышка канчалык тиешеси бар экени териштирилип жатат.

Эратовдун билдирүүсүндө, алар сымапты кайдан алганы белгисиз, ал териштирилип жатат. Бул кыргызстандыктар Тажикстандын Согди облусунда камакта турушат. (AKu)

XS
SM
MD
LG