Депутат Нариман Түлеев Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына түшкү саат экилер чамасында кирип кеткен боюнча чыга элек. Бул тууралуу "Азаттыкка" депутаттын агасы Бексултан Түлеев билдирди.
- Азыр эч кандай маалымат жок болуп жатат. Биз дагы деле күтүп жатабыз. Токтомдорго кол коюп жатышат деди. Башка маалымат жок.
Ал арада айрым жергиликтүү маалымат каражаттары "Нариман Түлеевди дагы кармап кетишти" деп маалымат таратып жатышат. "Азаттыктын" кабарчысына депутат өзү түшкү саат 14:00 чамасында суракка баратканын билдирген болчу. (AKu)