Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:13

Баткенде сел үч адамдын өмүрүн алып кетти


Кадамжай районундагы Орозбеков айыл аймагында 22-июнда саат 21:30 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрдү.

Пүлгөн айылынын тургуну М. Мамалаевге таандык “Жигули” унаасы селге аккан. Алдын-ала маалымат боюнча, унаанын ичинде төрт адам болгон, үч адамдын денеси Өзбекстандын Вадил аймагынан табылды, бир адам дайынсыз болууда. Булар төртөө тең ушул Пүлгөн айлынын жашоочулары. Мындай маалыматты “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов билдирди.

- 1967-жылы туулган Мурадыл Мамалаев, 1989-жылы туулган Шайырбек Нарбаев, 1972-жылы туулган Аваз Нурдинов ажал табышкан. Изделип жаткан жаран Муса Асамидинов 1968-жылы төрөлгөн. Алар бир машинада Сары-Талаа деген жайлоодон келе жатышкан.

Жоголгон адамды издөө уланууда. Ага 20дай жергиликтүү тургун жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен куткаруучулар тобу тартылды. Мындан сырткары түштүк облустардын дагы бир катар айылдарында сел жүрүп, короо-жайлар жабыркады. (AKu)

XS
SM
MD
LG