Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:19

“Хизб-ут-Тахрирдин” адабияттары табылды


22-июнда Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ивановка айылынын тургуну облустук Ички иштер башкармалыгы тарабынан “Хизб-ут-Тахрир” кыймылынын баракчалары менен кармалган. Мындай маалыматты “Азаттыкка” Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын 10-башкармасынын башчысы Данияр Рыскулов билдирди.

Баштыкта уюмга тиешелүү 35тей баракча болгон. Жашы кырктан өтүп калган жаран баракчалар салынган баштыкты аялдамадан таап алганын, экстремисттик топко эч кандай тиешеси жоктугун айтып жатканын Данияр Рыскулов
кошумчалады:

- Ал адам баштыкты жаңы эле таап, окуюн деп жатканда кармалганын айтып жатат. Анын ишин УКМКга өткөрүп бердик. Ивановка айлында негизи "Хизб-ут-Тахрирдин" ячейкалары бар. Ошону азыр териштирип жатабыз.

"Хизб-ут-Тахрир-аль-Ислами" Борбордук Азияда террористтик уюм деп таанылган топ. Кыргызстанда өткөн жылы бул уюмдун адабияттары табылган 158 факт катталган. Анын 100нө кылмыш иши козголгон. (AKu)

XS
SM
MD
LG