Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:22

Давутоглу: Түркиялык учак эл аралык мейкиндикте бараткан


Түркиянын тышкы иштер министри сириялыктар тарабынан атып түшүрүлгөн түркиялык согуштук учак ал өлкөнүн эмес, эл аралык аба мейкиндигинде учуп бараткан деп билдирди. Ахмет Давутоглу ТРТ телеканалына берген интервьюда "Фантом" учагы Түркиянын абадан коргонуу системасын жана радарларды сынаган машыгууга катышып жатканын, ал эч кандай курал ташыбаганын же "Сирияга каршы операцияга" тартылбаганын айтты. Дамаск учак Сириянын аба мейкиндигине киргенден кийин Жер Ортолук деңиздин үстүнөн атып түшүрүлгөнүн ырастоодо. Улуттар уюму жана Иран Анкараны кескин чаралардан карманууга үндөп, тараптар жаңжалды аскердик эмес, дипломатиялык жол менен жөнгө салууга тийиш деп белгилешти.

Түркиялык учак жума күнү атып түшүрүлгөн. Эки пилотту издөө иши уланууда.

XS
SM
MD
LG