Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:29

Селдин айынан Жалал-Абадда 100дөн ашуун машине токтоп турат


Ушул тапта Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон жана Сузак райондорунун чектешкен аймагында жолдо сел жүрүп, эки тарапты кошкондо 300дөй унаа акырындап өтө баштады. Бул тууралуу “Азаттыктын” кабарчысы Мухамедали Токтакунов кабарлады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов ушул тапта Баткен облусунун Баткен, Лейлек, Кадамжай, Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат, Талас облусунун Манас, Кара-Буура, Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон райондорунда жана Жалал-Абад шаарында айрым жерлеринде сел жүрүп жатканын "Азаттыкка" кабарлады. Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, адам өмүрүнө заян алып келген учур катталган жок. Жергиликтүү жарандык коргонуу комитети тактоо иштерин жүргүзүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG