Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:12

Мурси - Египеттин жаңы президенти


Мохамед Мурси (солдо) жана Ахмед Шафик
Мохамед Мурси (солдо) жана Ахмед Шафик
Египеттин жаңы президенти болуп “Мусулман агайыңдар” кыймылынын талапкери Мохамед Мурси жарыяланды. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, экинчи айлампада ал атаандашы – Хосни Мубарактын тушунда өкмөттү башкарып турган Ахмед Шафикти жеңди. Мурси добуштардын 51,7 процентин алса, Шафикке 48,3 процент добуш беришкен. Каирдеги айтылуу Тахрир аянтына чогулган Мурсинин миңдеген тарапкери кабарды кубануу, алкыштар менен кабыл алышты. 17-июн күнкү шайлоо Египетти экиге бөлгөндөй болду. Айрымдары Шафик шайланса, Мубарак тушундагыдай режим орнойт деп чочулашса, башкалары исламчылардын башкаруусун каалабаганын айтышат.
Шайлоого добуш берүүчүлөрдүн 51,8 проценти катышты.

XS
SM
MD
LG