Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:58

Өлкө түштүгүндө документи жок 300дөн ашуун аял бар


Алар Өзбекстандан Кыргызстанга турмушка чыккан жана тескерисинче Кыргызстандан Өзбекстанга турмушка чыгып, 10-15 жылдан кийин мекенине кайтарылган аялдар. Бул тууралуу “Тынчтыкты коргоочу аялдар” түйүнүнүн Ош облусу боюнча координатору Жамиля Капарова “Азаттыкка” кабарлады. Документи жок аялдар жана алардын 1,5-2 миңге чукул балдары толук кандуу медициналык жардам жана билим ала албай келишет. Мындан сырткары социалдык жеңилдиктерден да куру кол калышкан.

Бул маселе бүгүн Бишкекте Жогорку Кеңештин депутаттары, бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда талкууланат. Жамиля Капарованын айтуусуна караганда, маселени чечүү боюнча сунуштар айтылат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG