Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:17

Мектепке чейинки билим берүүнүн абалы талкууланат


Бүгүн Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитети “Орто кесиптик окуу жайларындагы” жана “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” мыйзам долбоорлорунун аткарылышын талкуулайт. Парламенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, өлкөнүн социалдык маселелер боюнча вице-премьери Гүлнара Асымбекова, тиешелүү министрликтин өкүлдөрү, жогорку жана жана орто кесиптик окуу жайларынын жетекчилери чакырылган.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда бөбөктөрдүн 20 пайыз гана бала бакчага баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Өлкөдө мектепке чейинки билим берүү системасы начар болгондуктан жеткинчектер мектепке тамга тааныбай келерин адистер белгилешүүдө.

Буга чейин билим берүү жана илим министри Канат Садыков 20 жыл жыл илгери Кыргызстанда мектепке чейинки 1600 мекеме бар болсо, азыр алардын 420сы гана калганын белгилеген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG