Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

Парламент комитети чек ара аймактарындагы абалды карайт


Бүгүн Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, түштүк регионунун чек арага жакын аймактарындагы кырдаал, мамлекеттик чек араны кайтаруунун абалы боюнча парламенттин токтомунун аткарылышын карайт. Анда өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов баяндама жасайт деп күтүлүүдө. Андан сырткары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет төрагасы Шамил Атаханов, ички иштер министри Зарылбек Рысалиев чакырылган.

Эскерте кетсек, 20-июнда Баткендин үч тургуну Тажикстандын кошуна Исфара районунда ири көлөмдөгү (90 кг.дан ашуун) сымап алып жүргөнү үчүн кармалган. Анын эртеси күнү кармалган адамдардын жакындары Баткендин чек арадагы Кара-Бак айылына базарга келген 19 тажик жаранын барымтага алып, Тажикстанда кармалгандарды бошотуу талабын койгон. Барымтадагылар ошол эле күнү милиция кийлигишүүсү менен бошотулуп, мекенине жөнөтүлгөн. Бирок эртеси, 22-июнда дагы 8 тажик жараны барымтага алынып, аларды бошотуу учурунда милиция менен жергиликтүү тургундар кагылыша кеткен. Тополоңдо бир милиция кызматкерине ок тийип, жаракат алган.

Баткенде азыр кырдаал тынч экенин, милиция күчөтүлгөн тартипти иштеп жатканын облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Анарбай Алимбеков билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG