Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:13

Түлеевдин камалышын тарапкерлери саясий себепке байланыштырууда


Бүгүн депутат Нариман Түлеевди коргоо комитети билдирүү таркатып, анда депутаттын саясий себептер менен негизсиз кармалып жатканын белгилеп, жарандарды бул окуяга кайдыгер карабоого үндөп чыкты. Комитеттин мүчөсү Карыбай Тимуровдун “Азаттыкка” кабарлашынча, депутаттын тарапкерлери Түлеевди күздө боло турган Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катыштырбоо аракети жүрүп жатат деп эсептешет. Алар депутатка коюлган күнөө боюнча жетиштүү далилдер жок экендигин белгилешип, аны тезинен бошотууну талап кылышууда.

Башкы прокуратура болсо Түлеев Кылмыш кодексинин 303-беренеси боюнча, коррупция үчүн айыпталып жатканын, далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө.

Нариман Түлеев өткөн бейшембинин кечинде суракка келген жок деген жүйөө менен кармалып, айрым депутаттардын кийлигишүүсү менен кайра бошотулган. Ишемби күнү суракка келип, анын жыйынтыгында 48 саатка камалган. Бүгүн анын баш коргоо чарасы сотто каралууга тийиш. Соттук чечимине ылайык, кылмыш иши тергелип бүткүчө депутат камалып-камалбай турганы чечилмекчи. (KKs)

XS
SM
MD
LG