Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:11

Нарында Түлеевди колдогон митинг өтүүдө


Нарын шаарынын борбордук аянтында депутат Нариман Түлеевди колдогон митинг өтүүдө. “Азаттыктын” аймактагы кабарчысы Токтосун Шамбетов билдиргендей, митингчилер бүгүн кечки саат алтыга чейин Түлеевди бошотууну талап кылышууда. Болбосо, жөө жүрүш, уюштуруп, ачкачылык жарыяларын эскертип жатышат. Байкоочулардын баамында, митингге көбүнесе Түлеевдин жердештери, Нарындагы Эмгекчил айылынын тургундары катышууда. Уюштуруучулар митингге миңден ашык адам чогулганын айтууда. Милиция кызматкерлеринын байкоосунда, катышуучулардын саны 400гө чукулдайт.

Жогорку Кеңештин депутаты Нариман Түлеев Бишкек шаарынын мэри кезинде Кытайдан автобустарды алып келүү учурунда ири көлөмдөгү зыян келтирген деп айыпталууда. Түлеев ишемби күнү суракка чакырылып, 48 саатка камакка алынган. Бүгүн анын баш коргоо чарасы боюнча соттук чечим чыгаары күтүлүүдө. (TSh/KKs)

XS
SM
MD
LG