Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:52

Евро -12: Италия Англияны утту


Европалык футбол чемпионатында Италия Англияны 4-2 эсебинде утуп, жарым финалга чыкты. Киевде өткөн оюнда Алленсандро Диаманти чечүүчү топту жазалоочу чабуулда киргизди. Бул эки команданын 10 жылдан ашык мезгилден берки алгачкы беттешүүсү болуп калды.

Кубанычын койнуна батыра албай турган италиялык күйөрман Эдуардо буларды айтты:

- Абдан зор кубанычтабыз. Жазалоочу чабуул болоорун билгенбиз, оюн да бир аз солгунураак болду. Бирок сүйүнгөнүбүздү эми айтпай эле койуңуз!

Эми Италия Европанын үч жолку чемпиону Германия менен ойномокчу. Дагы бир жарым финалда Донецкиде ишемби күнү Францияны 2-0 эсебинде уткан Испания Португалия менен беттешет.

XS
SM
MD
LG