Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:32

Мурси адам укуктарын жана эркиндиктерин сыйлоону убада кылды


Египетте биринчи жолу шайлоо аркылуу бийликке исламчы Мохамед Мурси бүт өлкөнүн лидери болууга убада кылды:

- Биз бардык келишимдерди, эл аралык мыйзамдарды жана Египеттин башка өлкөлөргө берген бардык милдеттенмелерин урматтайбыз. Биз египеттиктердин принциптерин аныктап, алардын жарандык иденттүүлүгүн, баалуулуктарын, айрыкча эркиндиктерди жана адам укуктарын, аялдардын жана үй-бүлөнүн, балдардын укуктарын сыйлоону жана дискриминациянын ар кандай түрлөрүн жоюуну максат кылабыз.

Жекшембиде Египеттин шайлоо комиссиясы жарыялагандай, Мурси добуштардын дээрлик 52 пайызы менен жеңип алды. Атаандашы, мурдагы өкмөт башчысы Ахмед Шафик 48 пайыздан ашыгыраак добуш алды. Добуш берүүгө шайлоочулардын 52 пайызга чукулу катышты.

XS
SM
MD
LG