Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:58

Акыйкатчы өкүлдөрү абактагы Түлеев менен жолугуп чыкты


Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында камакта отурган депутат Нариман Түлеев Акыйкатчы аппаратынын өкүлдөрүнө рак оорусу бар экенин айтып, ден-соолугу начарлаганын билдирди. Акыйкатчынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мекеменин өкүлдөрү бүгүн Түлеев менен сүйлөшүү үчүн жабык жайга кирип чыгышкан. Маалыматка ылайык, Түлеев адвокаты менен жолугууга мүмкүнчүлүк берилбей жатканын, буга каршылык көрсөтүү үчүн ачкачылык жарыялаганын белгилеген.

Бүгүн кечки саат 7:30да Түлеевди кармоого белгиленген 48 сааттык мөөнөт аяктайт. Андан соң сот депутаттын баш коргоо чарасын аныктоого тийиш. Акыйкатчы өкүлдөрү бул соттук жараянга көз сала турганын билдирүүдө.

ЖК депутаты Нариман Түлеев Бишкек мэри кезиндеги коррупциялык аракеттер боюнча айыпталып, өткөн ишемби күнкү сурактан кийин камакка алынган болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG