Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:34

“Центеррадагы” Кыргызстандын үлүшү арзандады


“Кумтөр оперейтинг компанинин” расмий сайты кабарлагандай, Кумтөр алтын кенин иштеткен “Центерра Голд” ишканасындагы Кыргызстандын акциялары акыркы үч күндө эле кыйла азайып кетти. Учурда алтын чыгаруучу бул компаниянын бир акциясы 8,47 долларды түзсө, Кыргызстандын 33 пайыздык акциясынын топтому 655 миллион доллар деп бааланууда. Өткөн жума күнү эле Кыргызстандын үлүшү 892 долларга барабар болчу. Ал эми бир акциянын баасы 11,53 долларды түзүп турган. Натыйжада Кыргызстанга тиешелүү акциялар үч күн ичинде 237 долларга арзандап жатат. Бул жагдай өткөн аптада Жогорку Кеңештин Кумтөр боюнча токтомдун талкууга алышы менен байланыштырылып жатат. (AT/KKs)

XS
SM
MD
LG