Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:04

26-июнда өткүн өтүп, күн күркүрөйт


Аба ырайын маалымдоочу борбордун билдиришинче, 29-июнга чейин республиканын тоо этектеринде нөшөрлүү жаанга байланыштуу сел жүрүшү күтүлөт.

26-июнда Кыргызстандын аймагында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарда кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +25...+30,
Талас облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +24…+29,
Баткенде түнкүсүн 11…16, күндүз 24…29 градус ысык болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +26…+31,
Ысык-Көлдө түнкүсүн +9…+14, градус, күндүз +19…+24,
Нарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 0…+5, күндүз +17…+22,
Тоолордо түнкүсүн -3...+2, ал эми күндүз 7..12 градус жылуу болот.

Бишкекте өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден күндүз 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 16...18, күндүз 37...29 градус ысык болот.

25-июнда эртең менен Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 19 градус жылуу болду. (KKs)

XS
SM
MD
LG