Бүгүн саат үчтөр чамасында мамлекеттик айыптоочу депутат Нариман Түлеевге Кылмыш кодексинин 303-беренеси (коррупция) боюнча айыбын угузду. Депутаттын адвокаты Султан Баратовдун журналисттерге билдиришинче, прокуратура Түлеевди кармалган күндөн тарта эки айга Бишкектеги 1-тергөө абагына камакка алууну соттон өтүндү. Бир аз мурдараак колуна кишен салынган Түлеевди Биринчи май райондук сотуна алып келишти.
Депутаттын адвокаты Түлеевди атайын №1 тергөө абагына которуп, коркутуп үркүтүүнү көздөгөн саясат жүрүп жатканын айтууда. Башкы прокуратура болсо Нариман Түлеевдин Бишкек шаарынын мэри кезиндеги коррупциялык аракеттери ашкереленгенин, ага далилдер бардыгын билдирип келет. (BkA/KKs)