Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:42

Түркия Сирия аскерий учагын атып түшүрүүсүн талкуулайт


НАТОго мүчө Түркиянын билдиргенине караганда, Сирия анын аскерий учагын жума күнү эл аралык аба мейкиндикте, эч эскертүүсүз эле аткан. Түркиянын бул окуядан кийин консультация өткөрүү жөнүндөгү өтүнүчүнө ылайык, НАТОго мүчө өлкөлөрдүн элчилери эртең чукул жыйынга чогулууда.

Эки коңшу: Түркия менен Сириянын мамилеси Анкара Дамаскты элдик толкундоолорду кан төгүү менен басуусун утур-утур айыптагандан кийин курчуп кетти.

НАТОну чукул жыйынга чакырганы менен Түркия Түндүк альянстан бирге коргонуу келишимин ишке киргизүүнү суранган жок.

АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Түркия учагынын атып түшүрүлүүсүн Сирия тараптын “абийирсиз жана кабыл алынгыс” кадамы катары мүнөздөдү. Ага катар Вашингтон Анкара менен Сирияга жооп берүүдө тыгыз кызматташарын белгиледи. (UE)

XS
SM
MD
LG