Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:40

Тажик башкы прокурору үч кыргыз жаранынын ишин өзү көзөмөлдөйт


Тажикстандын башкы прокурору Шерхон Салимзода сымап менен кармалган кыргызстандык үч жарандын ишин өз көзөмөлүнө алат. Ал мындай пикирин кыргыз башкы прокурору Аида Салянова менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө билдиргенин Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

20-июнда Баткендин үч тургуну Тажикстандын Исфара районунда ири көлөмдөгү сымап алып жүргөн деп кармалган. Эртеси кармалгандардын жакындары Кыргызстандын аймагына келген 19 тажик жаранын барымтага алып, барымтадагылар ошол эле күнү милициянын кийлигишүүсү менен бошотулган. Бирок 22-июнда дагы 8 тажик жараны барымтага алынып, аларды бошотуу учурунда милиция менен жергиликтүү тургундар ортосунда карама-каршылык чыккан. (KKs)

XS
SM
MD
LG