Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:28

Европанын акциялары, евро арзандады


Европанын акциялары жана евро Испаниянын өкмөтү өлкөнүн каржалган банк системасын сактоо үчүн евроаймактагы өнөктөштөрүнөн 100 миллиард еврого ( 125 миллиард доллар) чейин насыя сурагандан кийин арзандады. Лондон, Париж, Мадрид, Афинанын биржаларында акциялардын куну кетсе, 1 евронун курсу 1 доллар 25 центтен да төмөн түштү.

Испаниянын экономика министри Луис де Гиндос каржылык жардам суралган катты бүгүн Евротоптун президенти Жан Клод Юнкерге жолдогон. Көз карандысыз кеңешчилер өткөн аптада акча тартыштыгын сезген испан банктары алдыдагы үч жылда кеминде 62 миллиард еврого муктаж болорун айтышкан.

Евроаймак мурдараак испан банктарына 100 миллиард евро ажыратууга даяр экендигин ишара кылган.

Экономикалык төмөндөөнү баштан кечирип жаткан Испанияда азыр жумушсуздук деңгээли 25 пайызга жеткен кез. (UE)

XS
SM
MD
LG