Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:50

Түркия Сирияны НАТОго кол салды деп эсептейт


Түркия бул талабын НАТОнун бүгүнгө пландаштырылган чукул жыйынында коё тургандыгын билдирүүдө. Түркиянын вице-премьер министри Бүлент Аринч жума күнкү атуу өлкө мүчө болгон НАТОнун башкы келишиминин 5-беренеси боюнча НАТОго кол салууга тете боло тургандыгын эскертти:

Түркия НАТОго 4- жана 5- берене боюнча кайрылды. Биз эл аралык мыйзам жол бергенине жараша бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдоно тургандыгыбызды ар ким билип коюшу керек. Мындай мүмкүнчүлүк өзүн өзү коргоону, теңдикти жана кастар мамлекетке каршы ар кандай эле аралык мыйзамды өзүнө камтыйт.

Ошол эле убакта Аринч “Анкаранын эч ким менен согушууга нийети жок” деди. НАТОнун 28 мүчөсүнүн элчилери кирген Түндүк Атлантика кеңеши бүгүн Брюсселде Түркиянын талабы менен чогулууда.

Түркия куралсыз “РФ-4Е” согуш учагы Сириянын аба мейкиндигине “адашып” кирип кеткенден кийин атып түшүрүлгөндүгүн айтууда. Учактын эки учкучу дале табыла элек.

XS
SM
MD
LG