Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:06

Туугандык байланыштарды ачыктачу долбоор комитетте жактырылды


Аталган мыйзамдын долбоору кечээ, 25-июнда Жогорку Кеңештин Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинде каралып, жактырылды. Демилгечи депутаттардын бири Равшан Жээнбековдун “Азаттыкка” айтымында, мыйзам кызматка жылдырууда жердештерине, туугандарына жана партиялаштарына ылым саноо адатына бөгөт коюу максатын көздөйт. Эгер мыйзам кабыл алынса, анда өлкө президенти, премьер-министри, өкмөт мүчөлөрү жана парламент депутаттары кызматка орношор алдында мамлекеттик кызматтарда иштеген жакын туугандары тууралуу маалыматтарды ачыктоого мажбур болушат.

Кыргызстан тууганчылык белгилери боюнча кызматка жылдыруу көрүнүшү тараган мамлекеттер катарында аталат. Кыргызстанда буга чейин күч менен бийлик куулушунун негизги себеби катары эки президенттин тууган-уруктарынын бийликтеги саясий жана финансылык орчундуу орундарды ээлеп алганын аташат.(КЕ)

XS
SM
MD
LG