Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:27

Түлеевдин партиясы Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышат


Эки айга камакка алынган депутат Нариман Түлеевдин “Ак-Бата” партиясы күзүндө өтө турган Бишкек шаардык кеңешке шайлоого катышаарын билдирди. Партия Түлеевди Бишкек шаар мэрлиги үчүн жарыштан четтетүү саясаты жасалды деп эсептейт. Бирок партия өкүлдөрү буга карабай жергиликтүү шайлоодо жеңип чыгууну көздөп жатат.

Депутат Нариман Түлеев Бишкек шаарынын мэри кезиндеги коррупциялык аракеттери үчүн айыпталууда. Кечээ Биринчи май райондук соту тергөө иштери бүткүчө депутатты УКМКнын тергөө абагына эки айга камакка алуу чечимин чыгарган. (KKs)

XS
SM
MD
LG