Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:18

“Манаста” өз жанын кыймакчы болгон кызды токтотуп калышты


Эл аралык “Манас” аба майданында өз өмүрүнө кол салууну көздөгөн 16 жаштагы кыз куткарылды. Аэропорттун басма сөз кызматынан “Азаттыкка” бүгүн кабарлашкандай, кыз үй-бүлөлүк маселелерден улам аэропорт имаратынын экинчи кабатынан секирүү аракетин көргөн. Аны коопсуздук кызматкерлери байкап калып, кызды кармоого жетишип калышкан.

Бул окуя 23-июнда эртең менен катталган. Өз өмүрүнө кол салууну көздөгөн кызга психологиялык жардам көрсөтүлүп, куткаруучуларга сыйлык берилди. Эл аралык “Манас” аба майданынын жетекчилиги аэропортто адаттан тыш, террорчул аракеттерди алдын алуу үчүн кызматкерлер атайын окутулуп жатканын билдирүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG