Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:09

Кыргызстанда жер силкинди


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан “Азаттыкка” кабарлашкандай, бүгүн таңкы саат алты жарымдар чамасында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Силкинүүнүн очогу Ак-Шыйрак тоо кыркасында, Казарман айылынан түштүк-чыгышты көздөй 35 чакырым, Миң-Куш айылынан түштүк-батышты тараптка 35 чакырым, Баетов айылынан түндүк-батышты карай 45 чакырым жайгашкан. Жер титирөөнүн күчү Жалал-Абад облусунун Дедемел, Кош-Булак айылдарында 4,5 балл, Казарман айылында 4 балл, Нарын облусунун Миң-Куш, Баетов айылдарында 3,5 балл болду. Алдын ала алынган маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор жок. (KKs)

XS
SM
MD
LG