Депутат Нариман Түлеевдин адвокаты Султан Баратов биринчи соттук инстанциянын чечимин жокко чыгаруу талабы менен Бишкек шаардык сотуна бүгүн-эртең кайрылганы жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” адвокат өзү билдирди.
“Биз беш күндүн ичинде жиберсек, арыз шаардык сотко түшкөндөн кийин үч-төрт күндүн ичинде карайт. 10-12 күнгө чейин созулуп кетет”, - деди Баратов
Кечээ Бишкектеги Биринчи май райондук соту коррупцияга айыпталган Түлеевди эки айга УКМКнын тергөө абагына камоо чечимин чыгарган болчу. (KKs)