Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:19

Иркутскидеги урушта бир кыргыз жаран мерт болду


Орусиянын Иркутск шаарындагы кафеде Кыргызстандын жарандары урушуп кетип, Оштун Өзгөн районунун 24 жаштагы тургуну Каныбек Абдыкасымов бычак жеп мерт болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган шаардагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси Тынчтыкбек Абдылдаев бүгүн билдирди. Анын айтымында, уруш 25-июнга караган түнү саат бирлер чамасында шаардагы “Голд Велл” кафесинде орун алган. Эки тарапта тең он чактыдан адам болгон. Уруштун чыгышынын себебин жаатташкан эки тарап эки башка түшүндүрүп жатат. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, кафенин өзбек улутундагы кожоюну шектүү катары кармалды.

Жүрөгүнө жана бооруна бычак жеп ажал тапкан кыргыз жаранынын сөөгүн туугандары Иркутск-Ош каттамы менен Ошко алып кетишти. Новосибирск шаарындагы Кыргызстандын вице-консулдугу болсо Иркутскиде бир кыргыз жараны мерт болгону тууралуу маалымат түшкөнүн тастыктап, окуянын чоо-жайы тууралуу кийинчерээк маалымат берилерин “Азаттыкка” билдирди. (KKs)

XS
SM
MD
LG