Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:11

Жогорку Сотко 4 адамдын талапкерлиги көрсөтүлдү


Жогорку Соттун судьялыгына жарыяланган сынакка катышам деп азырынча төрт адам гана документ тапшырды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Сотторду тандоо кеңешинин төрага орун басары Жамиля Нурумбетова билдирди.

Талапкерлерден арыздарды кабыл алуу 21-июнда башталып, 30-июнь күнү аяктайт. Сотторду тандоо кеңеши бул мөөнөткө чейин талапкерлердин саны көбөйөт деген ишенимде.

Маалыматка ылайык, талапкерлер үч турдан турган сынактан өтөт. Алгач судья болом деген адамдын документтери иргелип, экинчи тур жазуу түрүндө, үчүнчүсү оозеки өтөт.

Жогорку Соттун 35 судьялык ордуна тандалган талапкерлерди президент карап чыгат. Андан соң парламенттин кароосуна жиберилет. Былтыр Сотторду тандоо кеңеши Жогорку Соттун судьялыгына тандаган талапкерлердин айрымдары алгач президенттин, андан соң парламенттин кароосунан өтпөй калган болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG