Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:31

Европа дөөлөрү насыя кризисин талкуулайт


Европа монетардык союзунун ири мүчөлөрү: Германия, Италия, Испания жана Франциянын финансы министрлери бүгүн Парижде кездешет. Алар евромейкиндиктеги насыя кризисинен чыгуунун жолдорун талкуулашат. 2010-жылдын башында Грекиядан башат алган финансылык кризисин жөндөө маселесин Биримдиктин лидерлери 28-29-июндагы саммитте талкуулашат.

Кечээ Испания жана Кипр Евробиримдикке кайрылып, банктарына колдоо көрсөтүүнү сураган. Ушундан кийин Эл аралык Moody агенттиги испаниялык 28 банктын ишеним рейтингин төмөндөттү. Инвесторлор Евробиримдиктин саммити бир бүтүмгө келеринен күмөн санаганга байланыштуу бүгүн валюта рыногунда евро АКШ долларына салыштырмалуу арзандады.

XS
SM
MD
LG