Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:52

Айткулов: “Мегаком” боюнча тергөө создугууда


“Альфа Телекомдогу” акча которуулар боюнча айыпталган Алмазбек Абековдун адвокаты Икрамидин Айткулов козголгон кылмыш иштери боюнча тергөө создугуп жатканын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, “Альфа Телекомдун” башкы директору Азамат Мурзалиев, директордун орун басары Алмаз Абеков жана “Новострой Сервис” коомунун башчысы Аман уулу Кенжебектин камактагы мөөнөтү 30-июнда соңуна чыгат. Бирок адвокат алардын камактагы мөөнөтүн узартуу аракети жүрүп жатканын айтууда.

Май айында УКМК жетекчилиги “Альфа Телекомдогу” акча которуулар боюнча тергөө аяктап калганын билдирген. Үч адам «Альфа Телеком» ишканаcына 142 миллион сомдон ашык зыян келтирди деген айып менен январь айында камалган. Тергөөнүн жүрүшүндө компаниядан дагы 6 миллион доллар оффшордук аймакка чыгарылганы аныкталган. Камалгандар өздөрүнө коюлган дооматтарды четке кагып келишет. (KKs)

XS
SM
MD
LG