Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:24

Черногория Евробиримдикке кошулганга даяр


Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери Черногорияны зарыл реформаларды жүргүздү жана Биримдикке өтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого даяр деп табышты. Эми бул чечимди Евросоюздун лидерлери жума күнкү саммитте расмий түрдө бекитет деп болжолдонууда.

Бирок Швециянын тышкы иштер министри Карл Билдт Балкан өлкөлөрүндө кеңири жайылган уюшкан кылмыштуулук жана коррупция, айрыкча, маң аткезчилиги Черногориянын Биримдикке өтүүсүн создуктуруп жибериши мүмкүн экенин эскертти:

- Бизде буга чейин балкандык кылмыштуу топторго байланыштуу чоң окуялар болгон. Мен Европага ташылган маңзаттарынын 40 процентке жакыны Балкан аркылуу өтөрүн белгилей кетким келет.

Черногория 2006-жылы мурдагы Югославия республикасынан бөлүнүп чыккан. Азыр НАТОго мүчөлүккө талапкер.

XS
SM
MD
LG