АКШ Сенатынын тышкы байланыштар комитети орусиялык адвокат Сергей Магницкийдин түрмөдөгү өлүмүнө тиешеси бар орусиялык расмий өкүлдөрдү жазалоону караган мыйзам долбоорун жактырды.
"Сергей Магницкий атындагы мыйзам эрежеси үчүн жоопкерчилик актысы" деп аталган долбоор адам укуктарынын одоно бузулушуна жол берген расмий өкүлдөргө виза бербөөнү жана алардын банк эсебин тоңдурууну карайт.
Долбоор алгач Магницкийдин 2009-жылы убактылуу камак жайында каза табышына байланыштуу сунушталган. Адвокаттын өлүмү Орусиядагы мыйзам үстөмдүгүнүн бузулушунун символу болуп калды. Кремл да, президент Барак Обаманын администрациясы да каршы болгон мыйзам күчүнө кириши үчүн аны Конгресс жактыргандан кийин президенттин кол коюусуна жиберилет.