Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Депутат айымдардын көйнөгүнүн узундугун мыйзам aныктайт


Жогорку Кеңештин Регламент жана депутаттык этика боюнча комитетинин кечээки жыйында талкууланган мыйзам долбоорунда парламентте өтө ачык түстөгү, өтө кыска кийим кийүүгө тыюу салынат. Бул шарттарды көзөмөлдөй турган депутат Асия Сасыкбаеванын билдиришинче, дароо көзгө урунчу шуру, сөйкө тагынуу, ашыкча бойонуу жана өтө жыттуу атыр себинүү да максатка ылайык эмес деп табылат.

Кыз-келиндерге кара, боз, ачык-боз, кара-көк, күрөң, агыш түстөгү классикалык костюм жана көйнөк, эркектерге олуттуу стилде кийинүүгө кеңеш берилет.

Бул мыйзам парламентте намазкана ачууга жетишкен депутат Турсунбай Бакир уулу кыска көйнөк кийген депутат айымды көрүп, чалынып жыгыла жаздаганын интернеттеги баракчасына жазгандан кийин сунушталууда. Көйнөктүн узундугун Бакир уулу же башка ким ченей турганы жана “өтө кыска көйнөк” кийгендерге кандай чара колдонулары анык эмес. ke/jch

XS
SM
MD
LG