Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:15

Нарында Түлеевди колдогондор жол тоскону жатат


Нарындын Эмгекчил айылында депутат Нариман Түлеевди колдогон жүзгө чукул адам чогулуп, анын абактан бошотулушун талап кылууда. “Азаттыктын” аймактык кабарчысы билдиргендей, чогулгандар үч боз үй тигип, эки күн ичинде Түлеев эркиндикке чыкпаса, Бишкек-Торугарт жолун бууй турганын эскертишти. Депутаттын жердештери бийлик менен сүйлөшүү үчүн Бишкекте атайын аксакалдарды жиберебиз деп жатат.

Нариман Түлеев Бишкектин мэри кезиндеги коррупциялык аракеттери үчүн айыпталып, 24-июнда УКМКнын тергөө абагына эки айга камакка алынган. (KKs)

XS
SM
MD
LG