Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:29

Казак парламенти 90 күндүк каттоосуз тартип боюнча келишимди жактырды


Казакстан парламентинин төмөнкү палатасы казак-кыргыз жарандарынын эки өлкөдө 90 күндүн аралыгында каттоого турушун камсыздаган келишимди ратификациялады. Бул тууралуу казак парламентинин расмий сайты билдирүүдө. Казак ички иштер министри Калмуханбет Касымов парламентте билдиргендей, бул келишим эки өлкөнүн ички мыйзамдарынын негизинде ишке ашат. Натыйжада коңшу өлкөнүн ички мыйзамына ылайык, кыргыз жараны Казакстанга киргенде беш күндүн ичинде ички иштер органдарынын каттоосунан өтүп, 90 күн бою өлкөдө кала берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлмөкчү. Буга чейин бул мөөнөт 30 күн болчу.

Бул келишимге май айында кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин Астана сапарында кол коюлган. Маалыматка ылайык, жыл башынан бери Казакстандын аймагына 40 миңге чукул кыргызстандык кирген. (KKs)

XS
SM
MD
LG