Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:38

28-июнга карата аба ырайы


Аба ырайын маалымдоочу борбордун билдиришинче, 29-июнга чейин республиканын тоо этектеринде нөшөрлүү жаанга байланыштуу сел жүрүшү күтүлөт.

28-июнда Кыргызстандын аймагында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарда кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 27...32 градус ысык,
Талас облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30,
Баткенде түнкүсүн 12…17, күндүз 25…30 градус ысык болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32.
Ысык-Көлдө түнкүсүн 8…13 градус, күндүз 21…26 ысык.
Нарында түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 16…21,
Тоолордо түнкүсүн -2…+3, ал эми күндүз 6…11 градус жылуу болот.

Бишкекте дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: түнкүсүн 17…19, күндүз 29…31 градус ысык болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 26-июнда күндүз +20, 27-июндун таңында +19 градус болду. (KKs)

XS
SM
MD
LG