Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:11

Сириянын борборуна жакын жерде кайра атышуу болду


Бүгүн борбор Дамаскиге жакын жерде оппозициялык күчтөрдүн өкмөттүк аскерлер менен айыгышкан атышуулары болду. Мунун алдынан кечээ президент Башар ал-Асад анын өлкөсү согуш абалында жашап жатканын айтып, өкмөткө бүт күчүн толкундоолорду басууга жумшоого буйруган.

Бүгүн эрте менен баш калаада өкмөттүк Ikhbariya телеканалына белгисиз куралчандар чабуул коюп, үч кызматкерди атып салышкан эле.

Ал арада бүгүн Женевада Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешинин тобу Сириянын Хула айылында өткөн айда 108 адамдын (алардын көбү жаш балдар менен аялдар) кырылып калганы боюнча жаңыртылган отчетун берет деп күтүлүп жатат.

XS
SM
MD
LG