Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

НАТОнун Ооганстандагы аскер башчысы Ж.Аллен Пакистан жетекчилиги менен жолду ачуу жөнүндө сүйлөшөт


Жон Аллен
Жон Аллен
Бүгүнкү жолугушууда НАТОнун Ооганстандагы аскерлерин жана техникасын Пакистандын аймагы аркылуу чыгарып кетүү үчүн жолду ачуу маселеси көтөрүлөөрү айтылууда. Былтыр ноябрда НАТОнун абадан жаңылыш урулган соккусунан 24 пакистандык аскер мерт болгондон кийин расмий Исламабад бул жолду жаап салган. Сокку үчүн расмий Вашингтон кечирим сурасын деген пакистандык бийликтердин талабын АКШ четке каккан эле.

Кабарларга караганда, генерал Аллен Ооганстандагы чабуулдар үчүн айыпталып жаткан “Хаккани” кылмыштуу тобу Пакистандан башкарылаары тууралуу камтамачылыгын да билдирет деп күтүлүүдө. Ал топтун соңку чабуулунан өткөн аптада Кабулдагы мейманканада 20дай адам өлгөн.

XS
SM
MD
LG