Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:57

Нарында дини башкаларды сабаган үч адамга иш козголду


Нарындын Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылында башка диндеги эки адамды сабады делген үч тургунга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Таалайбек Нуралиев билдирди. Анын айтымында, бул иш тергелип, жакын арада сотко өткөнү жатат. Маалыматка ылайык, окуя 11-апрелде Ак-Кыя орто мектебинде чыккан. Башка динди карманды делген адамдар балдарга окуу куралдарды таратып барганда, эки ортодо карама-каршылык чыккан. Ур-токмокко кабылган эки адам өздөрүн протестанттардын өкүлдөрүбүз деп “Азаттыкка” билдирди. (ZB/KKs)

XS
SM
MD
LG