Өзбекстан ар кайсыл учурларда түрдүү маселелер боюнча бул эки мамлекет менен мамилеси чыңалып келген. Бирок соңку чечим эмненин айынан киргизилип жатканын бүгүн Ташкенде бийликтер түшүндүрүшкөн жок. Мамлекеттик маалымат каражаттары жаңы тартип 1-июндан тарта күчүнө киргенин кабарлашты, бирок ал тууралуу алдын ала айтылган эмес эле.
Өзбекстан 1991-жылы көз карандысыздыкка жетишкенден бери өзүнүн жарандарына чет-мамлекеттерге чыгыш үчүн да виза алууну талап кылган Советтер союзунан калган тартипти сактап келген. Бирок бул тартип КМШ аймагына саякатка чыгууну каалаган өзбек жарандары үчүн жоюлган болчу.