Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:52

Диний араздашуудан чыр чыкты


Нарындын бир айылындагы мечит. (Сүрөттүн бул окуяга тиешеси жок)
Нарындын бир айылындагы мечит. (Сүрөттүн бул окуяга тиешеси жок)

Нарында протестант агымындагы эки адамды уруп, денесине жаракат келтирген деген айып менен үч жарандын иши сотко өтүүдө.

Окуя ушул жылдын 11-апрелинде Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Ак-Кыя айылында болгон. Чыр жергиликтүү тургундар жана имамдын протестантык багыттагы “Жакшылык” кору мектепте диний үгүт жүргүзүп жатат деген каршылыгынан чыккан. Аталган кайрымдуулук кору мектепке диний үгүт үчүн эмес, окуу куралдарын гана бергени келишкенин айтууда.

Чыр кантип чыкты?

Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Таалайбек Нуралиев бул иш тергелип бүтүп, бүгүн-эртең Ак-Талаа райондук сотуна өткөрүлүп жатканын "Азаттыкка" маалымдады. Буга чейин айыпталып жаткандардын бири кармалып, эч кайда чыкпоо боюнча тил кат менен кайра бошотулган.

- Бул боюнча иш козголгон. Жабырлануучу тарап - протестанттар. Эки адам арыз менен кайрылып, үч кишиге кылмыш иши козголгон.

“Благодать” миссионердик диний уюмунун юристи Жанара Аскар кызы бул боюнча арызга жергиликтүү укук коргоо органдары көңүл бурбагандыктан башкы прокуратурага кайрылганын, ошондон кийин гана тергөө иши жанданганын айтат. Жергиликтүү мусулмандар менен протестант динин кабыл алгандардын ортосундагы бул чырлуу окуя ушул жылдын 11-апрелинде Ак-Талаа районундагы Ак-Кыя айылынын мектебинде чыккан.

Протестанттык “Жакшылык” коомдук корунун өкүлү Нарысбек Сыдыковдун айтымында, алар мектепке окуу куралдарынан жардам беришмек жана алдын-ала деректир менен макулдашкан. Бирок буларды жергиликтүү имам каршы алып, мектепке диний кайрымдуулук кылууга жана үгүт иштерин жүргүзүүгө болбостугун билдирген.

- Имаи “таратпагыла” деди. Мен бул мектеп деректиринин өтүнүчү менен келген нерселер деп айттым. Ал кетип, кайра дааватчыларды ээрчитип келиптир. Дааватчылар келип “келме келтиргиле” деп, бизди ошол жерден кыйнашты.

Нарысбек Сыдыков натыйжада ортодо чыр чыгып, айылдык имам баш болгон бир канча адам күч колдонуу менен аларды кууп чыкканын да кошумчалады. Ал айдап жүргөн машинасынын да айнектери талкаланганын айтат.

- Окуядан менин башым чайкалды. Жанымдагы кайнимдин болсо башы жарылган. Аны чекесине сүзүшкөн экен. Колго тепкенде чыпалагы да сынып кетиптир. Денесинен да жаракат алган. Биз ооруканага жатып чыктык. Баарын тастыктаган документтер бар. Машина да экпертизадан өткөн.

Ал эми Ак-Талаа районунун башкы имамынын милдетин убактылуу аткарып жаткан Жаныбек Жээнбеков кайрымдуулук максатта келген бул агымдын өкүлдөрү өздөрү чагымчыл сөздөргө шыкак берген деп эсептейт:

- Молдокелер жана жергиликтүү эл менен сүйлөшсөк, алгач берки балдар өздөрү башташкан экен. “Силер эмне кыла аласыңар, колуңардан не келет” деп бир топ сөздөрдү козгогон. Ошонун себебинен болгон иш. Ага чейин аларга эки жолу эскертилген экен. Үчүнчүсүндө анан жанагы окуя болуп, урушуп кетишкен.

Диний чатактар ырбап кетүү коркунучу бар

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Абдилатиф Жумабаев бул окуя териштирилип жаткандыгын, ага тиешелүү баа бериле турганын айтты.

- Динге чакыруунун өзүнүн жол-жобосу бар. Ал боюнча динге чакыруу диний мекемелерде гана болуш керек. Мамлекеттик мектепке барып, динге чакырган эч качан туура эмес. Кыргызда “добуш эки алаканды чапканда чыгат” деп айтылат. Демек бирөөсү чагым кылып, экинчиси ага алдырган болушу да мүмкүн. Бул жана Токтогул шаарчасындагы окуялар боюнча азыр териштирүү иштери жүрүп жатат.

Талдоочулар Кыргызстанда диний чыр-чатактардын чыгып кетүү коркунучу күчөгөндүгүн белгилешүүдө. Алардын айтымында, Кыргызстанда 40ка чукул багытты тутунган 2,5 миңдей диний мекеме бар.

Дин таануу изилдөөлөрү борборунун төрайымы Екатерина Озмитель ушунун өзү диний чатактардын алыс эмес экендигин билдирет дейт:

- Дин бул жеке гана ынаным эмес, ишенсем да, ишенбесем да боло берет дегендей. Дин бул - уюм, дин - бул деген идеология. Болгондо да алар түрдүү жана карама-каршылыктуу идеологиялар. Биздин коомдо мындай идеологиялар канчалык көп болсо, жарандар ортосунда тынчтыкты жана ынтымакты сактоо ошончолук оор болот. Баарыбызга, Кыргызстандын жарандарына коомдо кайсы бир позитивдүү иш-аракет боюнча тил табышуу да кыйын болот. Анткени жогорудагы идеологиялардын көбү биздин улуттук кызыкчылыктарды эске алышпайт.

Өткөн айда да Токтогул шаарчасында башка динге өтүп кеткен адамдын үйүн жергиликтүү тестиер балдар өрттөп кеткени боюнча кылмыш иши козголгон болчу.
XS
SM
MD
LG