Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:12

Бишкекте Кыргызстан-Польша экономикалык форуму өтөт


Экономика жана монополияга каршы саясат бөлүмүнөн билдиришкендей, бүгүн өтчү форумга Кыргыз тараптан министр Темир Сариев жана Польшанын экономика министринин орун басары Анжей Дыха жетекчилик кылат. Иш-чарага эки өлкөнүн ишкерлерлери катышат. Анда тамак-аш өнөр жайы үчүн жабдыктарды алып келүү, транспорт, кен, жаратылыш ресурстары жана гидроэнергетика багытында бир катар документтерге кол коюлары күтүлүүдө.

Эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссисиясынын экинчи жыйыны кечээ, 27-июнда Бишкекте өттү. Анда Анжей Дыха Польшанын экономикалык өнүгүү стратегиясы үчүн Кыргызстан маанилүү аймактардан экенин, жеңилдетилген наясыя берүү багытында сүйлөшүүгө даяр экенин белгиледи. Ошондой эле жыйында алардын 11 компаниясы Кыргызстан менен иштешүүгө кызыктар экени айтылды.

Маалыматка ылайык, 2007-жылдан 2011-жылга чейин Кыргызстан-Польша товар алмашуусу 60% өскөн. Ал эми 2012-жылы эки өлкөнүн товар алмашуусу 6,3 млн. долларды түзүп, мурдагы жылдан 10 пайыз кыскарган. Бул төө буурчак экспорту жана косметика, кум шекер, дары-дармек импорту кыскарганы менен байланыштырылууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG