Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:49

Энесинен токмок жеген баланын абалы дурус


Бул тууралуу Чүй облусуна караштуу Москва районунун аймактык ооруканасынын бөлүм башчысы Шайырбек Жумабаев “Азаттыкка” билдирди.

Аталган райондун Беловодское айылында апасынан токмок жеген беш жашар бала оор абалында 25-июнда ооруканага түшкөн. Дарыгер Жумабаевдин айтымында, Николай Рожин ооруканага эсин жоготуп, башы ооруп, кусуп келген. Ага дарыгерлер мээси чайкалган деген аныктама беришкен. Николайдын белгилешинче, аны апасы “акча уурдап алгансыӊ” деп сабаган. Милиция бул окуя боюнча тергөө ишин баштады. Ал эми апасын энелик укуктан ажыратуу жагы иликтөөдөн кийин билинмекчи.

Балдар укугун коргоочулар, социалдык кызматкерлер запкы жеген наристерлердин басымдуу бөлүгү бөлөк-бөтөн адамдардан эмес, ата-энесинин ур-токмогуна кабыларын белгилеп келишет. (КЕ/ТТо)

XS
SM
MD
LG