Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:12

Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоочу америкалык фирма аныкталды


Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, ал америкалык Winston&StrawnLLP юридикалык фирмасы. Аталган фирма Азия универсал банктын акционерлеринин доо-арызы боюнча эл аралык арбитражда Кыргызстандын кызыкчылыгын коргомой болду. Буга байланыштуу документке премьер-министр Өмүрбек Бабанов кол койгонун өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Султан Каназаров “Азаттыкка” тастыктады. Анын айтымында, өкмөттүн атынан аталган фирма менен келишим түзүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү укугу Каржы министрлигине берилген. Маалыматка ылайык, америкалык фирманы жалдоого 1 млн. доллар керектелет.

Азия универсал банктын доо-арызынын мазмуну азырынча айтыла элек. Буга чейин анын мурдагы кожоюну Михаил Надел кыргыз өкмөтүн эл аралык арбитраждык сотко бергени айтылган. Ал банкты улутташтырууда менчик укугу 480 миллион долларга зыянга учурады деп эсептейт.

Башкы прокуратура Михаил Наделге "мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим менен биргеликте бул банкты мыйзамсыз басып алган, кылмыштуу жол менен табылган акчаны адалдаган деген айыптоолордун негизинде иш козгогон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG