Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:32

Депутаттардын эс алышын каалабагандар пикетке чыгат


Бүгүн Жогорку Кеңештин имаратынын алдында жарандык активсттердин өкүлдөрү депутаттардын жайкы эс алууга чыгышына каршы пикетке чыгышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” “7-апрель” кыймылынын жетекчиси, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров кабарлады. Ал “өлкөнүн учурдагы социалдык-экономикалык жагдайы депутаттардын эки айга эргүүгө кетишене туура келбейт. Ага шарт дагы жок”, - деп эсептейт.

Ошондой эле жарандык активисттер 7-апрель окуясы боюнча соттук териштирүүнүн токтоп калышына, дыйкандар менен малчыларга көңүл бурулбай жатканына нааразылыгын билдирип жатышат.

Жогорку Кеңештин депутаттары июлдан сентябрь айына чейин иштешпейт. Ага чейин депутаттар бир ай эс алып, бир ай аймактардагы шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүүгө тийиш. (КЕ)

XS
SM
MD
LG