Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:36

“Центерранын” акцияларынын наркы өсө баштады


Кумтөр кенин иштеткен “Центерра Голддун” акцияларынын баасы кайрадан көтөрүлө баштады. Кумтөр Оперейтинг Компанинин расмий сайты маалымдагандай, учурда “Центерранын” бир акциясы 9,79 доллар, Кыргызстандын андагы 33 пайыздык акциясынын топтому 757 миллион доллар деп бааланууда.

Өткөн аптадан бери Жогорку Кеңеште Кумтөр маселеси талкууланып, ушул жума башында “Центерранын” бир акциясы 8,47 долларга, Кыргызстандын үлүшү 655 миллион долларга чейин түшүп кеткен. Кечээ Жогорку Кеңеш Кумтөр боюнча келишимди жокко чыгаруу демилгесин колдобой, кайра мамлекеттик комиссия түзүү чечимине келген. (KKs)

XS
SM
MD
LG