Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:02

Ошто аскердин өлүмү боюнча төрт адамга айып тагылды


Ош шаарында өз өмүрүнө кол салды делген 18 жаштагы аскердин сөөгү чыккан №20-65 аскер бөлүгүндөгү төрт аскер камакка алынды. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, “улуулардын” катарына кирген төрт аскерге “адамды өлүмгө чейин жеткирген”, “уставдык эрежелерди бузган” деген айып коюлууда. Маалыматка ылайык, жоопко тартылган аскерлер жаш аскерди маал-маалы менен ур-токмокко алып келген.

Аталган аскер бөлүктө кызмат өтөгөн Абдылас Абубакир уулунун ата-энеси 24-июнда "уулуңар асынып өлдү" деген кабар алган. Бирок анын жакындары уулу өз өмүрүнө кол салганына ишенбестигин, анын денесинде көгала тактар болгонун буга чейин "Азаттыкка" билдирген. (KKs)

XS
SM
MD
LG