Премьер-министр Өмүрбек Бабанов 1-2-июлда Казакстанга расмий сапар менен барат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Өмүрбек Бабанов расмий сапардын алкагында казак президенти Нурсултан Назарбаев, премьер-министр Карим Масимов жана “Самрук-Казына” корунун төрагасы Умирзак Шукеев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
Мындан тышкары кыргыз өкмөт башчысы кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышып, Казакстандагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугат. (KKs)
Мындан тышкары кыргыз өкмөт башчысы кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышып, Казакстандагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугат. (KKs)