Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:33

Баткенде жаракат алган милицияга жардам көрсөтүлдү


Өткөн аптада Баткендеги тополоңдо ок тийип, жарадар болгон милиция кызматкери Сапар Алибаевге облус жетекчилиги жардам көрсөттү. Баткен облустук администрациянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, губернатор Жеңиш Разаков милиция кызматкери дарыланып жаткан ооруканага барып, ага 10 миң сом берди.

20-июнда Баткендин үч тургуну Тажикстандын Исфара районунда ири көлөмдөгү сымап алып жүргөн деп кармалган. Эртеси кармалгандардын жакындары Кыргызстандын аймагына келген 19 тажик жаранын барымтага алган. Барымтадагылар ошол эле күнү милициянын кийлигишүүсү менен бошотулган. Бирок 22-июнда дагы 8 тажик жараны барымтага алынып, аларды бошотуу учурунда милиция менен жергиликтүү тургундар ортосунда карама-каршылык чыккан. (KKs)

XS
SM
MD
LG